Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
Боомдо Sprinter тосмону сүзүп, айдоочу каза болду – видео
23.12.2022 | 13:17
Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) жол кырсыгы болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 22-декабрда болжол менен саат 07:30да болгон. Mercedes-Benz Sprinter унаасынын айдоочусу (чыгыштан батышты көздөй) катуу ылдамдыкта келе жатып, унааны башкара албай, жол тилкелерин бөлүп турган тосмону сүзгөн.
Жол кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы В.С. аттуу айдоочу каза болгон. Ошондой эле 51 жаштагы В.М. аттуу жүргүнчү Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз