УКМК: 50 миң доллар пара алып жаткан укук коргоочу кармалдыИИМ ДНК жана манжа издерин чогултууну көздөөдө. Жаңы маалымат базасына кимдер киргизилет?Жаш кыз рулда: Кайгуул милициясы өспүрүмдөргө унаа бербөөнү эскерттиЖККУнун баш катчысы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгын жогору бааладыУКМК жаш IT-адистерди жана дрон инженерлерин кызматка чакырдыСадыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай ортосундагы түбөлүк достук келишимин ратификациялады
“Айыл чарбасын каржылоо – 10”: 4,77 млрд сом насыя берилди
03.01.2023 | 18:03
Былтыр 30-декабрга чейин “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча 4 млрд 774 млн 777 миң сомго 8 миң 335 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аталган долбоордун алкагында насыялар 3 категория боюнча берилген.
Анын ичинен:
– Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 1 млрд 210 млн 775 миң сомго 2 миң 939 насыя;
– Мал чарбачылык категориясы боюнча 2 млрд 438 млн 855 миң сомго 5 миң 21 насыя;
– Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча 1 млрд 125 млн 147 миң сомго 375 насыя.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз