УКМК: Тажикстанга жер семирткич ташып бара жаткандар кармалды

УКМК: Тажикстанга жер семирткич ташып бара жаткандар кармалды

Баткен облусунда минералдык жер семирткичтерди контрабандалык жол менен ташыгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-январда түнкү убакта Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан, Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Ало чек ара айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып өтүү аракети токтотулган.

«Кыргызстандын 28 жаштагы К.М. жана А.У. аттуу жарандары, «Ауди 100» унаасы менен Тажикстандын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылып, жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн Кыргызстандын жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилди. Автоунаа жана 7 кап селитра көлөмүндөгү жүк токтотулуп, жоопту сактоочу жайга коюлган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>