Балдар дарыгерлеринин камалышы. Министрлик үн катты

Балдар дарыгерлеринин камалышы. Министрлик үн катты

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун жана Шаардык балдар ооруканасынын медицина кызматкерлеринин кармалышы боюнча билдирүү жасады.

Министрлик балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт. Ошол эл учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыктан, бүгүнкү күндө ага таасир эте албагандыктан, кырдаалга байкоо салып гана тура аларын жана жакынкы күндөрү дарыгерлер чыгарыларына ишеним жана үмүт артарын билдирет.

«Каза болгон наристенин жакындарына көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер айрым учурда медициналык жардам көрсөтө алышпай калат, бирок биз ар дайым бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн акырына чейин зарыл болгон нерселердин баарын жасайбыз.

Акыркы убакта бул окуяга байланыштуу медицина чөйрөсүндө көптөр жумушун таштап же иштен кеткиси келип жатканы тууралуу кептер айтыла баштады. Бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгерлик кесип эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет, дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улут саламаттыгын сактоо үчүн жан үрөп келишет», — деп белгилейт министрлик.

Ошондой эле министрлик медицина кызматкерлеринин туугандары менен байланышта экенин кошумчалады.

«Дарыгерлерибиздин, жаш кызматкерлерибиздин туугандары жана жакындары менен байланышта болуп, колдон келген жардамыбызды берип жатканыбызды белгилейбиз. Ошондой эле, мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун жана Шаардык балдар ооруканасынын беш дарыгери №1 тергөө абагына 10-январга чейин камакка алынып, бирөөсү үй камагына чыгарылган.

Алар Кылмыш кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) боюнча шектелүүдө.

Кылмыш иши 3 жашар баланын өлүмүнө байланыштуу ачылган.

Дарыгерлердин камалышына байланыштуу аларга жардам үчүн каражат чогултула баштаган.

Дарыгерлердин камалышы: Милиция иштин чоо-жайын айтты

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>