Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Төкмө акын Болот Назаров бошотулду
24.01.2023 | 17:12
Ат уурдоого шектелип кармалган төкмө акын Болот Назаров бошотулду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, анын иши бүгүн, 24-январда Москва райондук сотунда каралган. Жабырлануучу тараптан тосмо арыз түшкөндүктөн, иш кыскартылып, Назаров сот залынан бошотулган.
Эскерте кетсек, Болот Назаров былтыр ноябрь айында ат уурдоого шектелип кармалган.
Андан кийин жабырлануучу тарап төкмө акын Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин билдиргенине карабай ал камакка алынып, ушул күнгө чейин камакта болуп келген.
Төкмө акын Болот Назаров кармалды. Милиция окуянын чоо-жайын айтты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз