Ошко мэр болгон Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашев Жогорку Кеңешке депутат болдуКыргызстан менен Монголия соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча макулдаштыБишкекте дарыгер-нефролог кармалды. Министрлик ишти тең салмактуу териштирүүнү талап кылдыАтатүрк сейил багында мыйзамсыз курулуп жаткан объект буздурулдуБишкектеги мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда мушташ чыктыЖогорку Кеңеш альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам долбоорду жактырды
Аялдар 5 күн онкологиялык илдеттерге акысыз текшериле алат
28.01.2023 | 00:03
30-январдан 3-февралга чейин Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5 күн ичинде 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алат.
Текшерүүдөн өтүү үчүн айымдар Бишкектеги №№ 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, Шаардык студенттик поликлиникага кайрылса болот.
Аталган акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты – онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо, жана дарылоо болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом