Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Аялдар 5 күн онкологиялык илдеттерге акысыз текшериле алат
28.01.2023 | 00:03
30-январдан 3-февралга чейин Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5 күн ичинде 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алат.
Текшерүүдөн өтүү үчүн айымдар Бишкектеги №№ 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, Шаардык студенттик поликлиникага кайрылса болот.
Аталган акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты – онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо, жана дарылоо болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом