Кыргызстандыктар Өзбекстанга эми ID карта менен өтө алышат

Кыргызстандыктар Өзбекстанга эми ID карта менен өтө алышат

Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары эми эки өлкөнүн ортосунда улуттук ID карта менен жүрө алышат, деп билдирди УзА.

Чек арадан чыгуу жана кирүү үчүн электрондук каттоо жана паспорттун штампынын зарылдыгы жокко чыгарылат жана жаңы эреже транспорттун бардык түрлөрүнө, анын ичинде учакка, поездге, автоунаага жана автобуска тиешелүү болот.

Регламент эки өлкө тарабынан расмий түрдө бекитилгенден кийин күчүнө кирет жана Кыргызстан Өзбекстан үчүн ID карта аркылуу өз ара саякаттоо тартибин орноткон биринчи өлкө болуп калат.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн бийлиги тарабынан бир катар документтерге кол коюлган.

Анын ичинде 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргызстандын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколу да бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>