Бишкекте Жолдош уулу Нурлан эки айдан бери дайынсыз болууда

28.01.2023 | 16:48

Бишкек шаарында 27 жаштагы Жолдош уулу Нурлан изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23-декабрында А.Г. аттуу жаран 1996-жылы туулган уулу – Жолдош уулу Нурланды издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Анын айтымында, уулу 26-ноябрда Ак-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Бул факт каттоого алынган.

Белгилери: бою 170-175 см, көзү күрөң, мурду түз, орто дене түзүлүштө, психикалык жактан жабыркаган.

Кийген кийимдери: улуттук оюмо-чийме түшүрүлгөн көк түстөгү жеңи жок күрмө, кара түстөгү спорттук шым.

“Жолдош уулу Нурланды табууга жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо 0(312) 352-605,0(553) 102-465, 0(703) 401-600, 0(705)450 – 553,0(553)102-880 телефон номурларына жана 102 кызматына билдирип коюуну суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top