Көк-Мойнок, Токтогул жана тоңгон Ара-Көл: Кыргызстандын табият кубулуштары аркылуу өткөн жолРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөт
Былтыр банктар пенсия төлөөдөн дээрлик $900 миң киреше тапкан
07.02.2023 | 13:06
Былтыркы жылы пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтар үчүн мамлекеттик чыгашалар 83 млн 407 миң 954 сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматтарында айтылат.
Анын 75 млн 803 миң сому коммерциялык банктар тарабынан пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, дагы 7 млн 604,9 миң сому “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалган.
Бул сумманын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен (81,9 млн сом), 1,6 млн сому жергиликтүү бюджеттен төлөнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом