Түркиядагы жер титирөө. Бир кыргызстандык жабыркады

Түркиядагы жер титирөө. Бир кыргызстандык жабыркады

Бүгүн, 7-февраль саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Адана шаарында Кыргызстандын 1984-жылы туулган А.Т. аттуу жараны (аял киши) жабыр тарткан. Ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

«Бул жарандын абалы канааттандырарлык, учурда ооруканадан чыгарылды», — деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле, Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы Кыргызстандын 10 жараны коопсуз жерге жайгаштырылган. Аларга азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилген.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркияда катуу жер титирөө болгон. Анын айынан акыркы маалыматтар боюнча, 3 миңге жакын адам каза таап, 16 миңге жакын киши жабыркады.

Бул кырсыкка байланыштуу Түркияда жети күндүк аза күтүү жарыяланды.

Кыргызстан Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 63 кызматкерин жөнөткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>