Келинди баласы менен уурдаган мурунку күйөөсү, кайнатасы кармалды

Келинди баласы менен уурдаган мурунку күйөөсү, кайнатасы кармалды

Каракол шаарында эки адам 19 жаштагы кызды жана анын бир жаштагы баласын уурдоого аракет кылышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга 6-февралда эки адам А.Р., аттуу жаранды бир жаштагы баласы менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты Каракол ШИИБдин электрондук маалымат реестрине катталган. Андан соң ОИИБдин башкаруу борборунун кызматкерлери ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү автоунааны жана анын ээсин аныкташкан. Унаа Тоң РИИБдин жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан «Аалам Ордо» тилкесинде токтотулуп, айдоочу жана жүргүнчүлөр Каракол ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Жабыралнуучунун айтымында, ала качкандар анын мурдагы кайнатасы — 55 жаштагы К.Ж. жана мурунку күйөөсү — 27 жаштагы К.Э. болуп саналат. Алар — Жалал-Абад облусунун тургундары. Ала качуунун максаты кызды мурунку күйөөсүнүн үйүнө кайтаруу болгон.

Учурда Каракол ШИИБдин тергөө кызматы бул факты боюнча иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат, текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>