Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар 10 адамдын сөөгүн тапты – видео
08.02.2023 | 21:52
Түркиядагы жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу иштери үчүн Кыргызстандан барган ӨКМ кызматкерлери жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30га карата 10 адамдын сөөгүн тапты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында сегиз адамдын сөөгү табылып, урандылардын алдынан чыгарылган. Ошондой эле, эки адамдын сөөгү кинологдордун иттеринин жардамы менен табылып, урандылардын астынан чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Издөө-куткаруу иштери түнү менен да уланып, куткаруучулар эки объектиде иш алып бара тургандыгы айтылды.
Эскерте кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында иштөөдө.
Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар издөө иштерине киришти – видео
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом