Курултайлардан санариптик парламентке чейин — Наталья Никитенко КР ЖКнын трансформациясы тууралуу«Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитинин жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алындыБюджет-2027: Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 28,25 млрд сом бөлүнөтКыргызстандагы алгачкы «Вкусно — и точка» «Россия» кинотеатрында ачылат«Үмүт берген искусство»: Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде арт-сессиялардын күзгү сезону өтөтУлуттук банк: Кыргызстанда инфляция 2026-жылдын аягына чейин 15%га жетиши мүмкүн
Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар 10 адамдын сөөгүн тапты – видео
08.02.2023 | 21:52
Түркиядагы жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу иштери үчүн Кыргызстандан барган ӨКМ кызматкерлери жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30га карата 10 адамдын сөөгүн тапты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында сегиз адамдын сөөгү табылып, урандылардын алдынан чыгарылган. Ошондой эле, эки адамдын сөөгү кинологдордун иттеринин жардамы менен табылып, урандылардын астынан чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Издөө-куткаруу иштери түнү менен да уланып, куткаруучулар эки объектиде иш алып бара тургандыгы айтылды.
Эскерте кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында иштөөдө.
Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар издөө иштерине киришти – видео
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом