Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар издөө иштерине киришти — видео

Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар издөө иштерине киришти — видео

Түркиядагы жер титирөөгө байланышуу куткаруу иштерине жардам берүү үчүн кеткен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткаруу иштерине киришти. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында Түркиянын ИИМине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) берген тапшырмаларына ылайык, жер титирөөдөн урап түшкөн урандылардын астында калган адамдарды издеп, куткаруу жумуштарын аткарышууда.

«Учурда куткаруучулар 67 адамдан туруп, курамында фельдшерлер, психолог, издеп, куткаруу иштерин аткарууга кинологдор бар. Куткаруу, тазалоо иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалыматтар берилет», — деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болуп, анын айынан эки өлкөдө көз жумгандардын саны 9,6 миңден ашты. Түркияда 7108 киши каза таап, дагы 40 миң адам жараат алды. Сирияда 2547 киши каза болуп, 4 миңдей тургун жабыркады.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Андан тышкары гуманитардык жардам жөнөтүлөрү кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>