25-февралга карата аба ырайыКР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду
Баткен чек ара отрядынын жоокери каза болду
21.02.2023 | 21:00
Бүгүн, 21-февраль күнү куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен Баткен чек ара отрядынын жоокери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгынан билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, чек ара заставасынын өздүк курамын алмаштыруу учурунда КР УКМКнын аскер кызматкери, 2002-жылы туулган З.Ж.Б.
Баткен шаарындагы облустук бириккен ооруканага медициналык жардам көрсөтүү жана өз убагында жеткирүү аракеттерине карабастан аскер кызматкери алган жараатынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар