ИИМдин кызматкерлери кармашып урушуу турниринде 1-орунду ээлешти
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аскердик кармашып урушуу боюнча турнирде биринчи орунга ээ болушту. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-17-февраль күндѳрү Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнѳ карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышкан Аскердик кармашып урушуу боюнча турнир болуп ѳттү.
Аталган турнир Аскердик кармашып урушуу жана өзүн-өзү коргоо федерациясы тарабынын уюштурулуп, анда аскер кызматчылары, милиция кызматкерлери күч сынашты.
Жалпысынан 17 команда катышкан турнирде ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы командалык эсеп менен 1-орунга ээ болушту.
[image_carousel source=”media: 178786,178787″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз