Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
Билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду
24.02.2023 | 14:35
Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Уланбек Мамбетакунов бул кызматка 2022-жылдын 7-октябрында президент тарабынан дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом