Садыр Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүү пландары менен тааныштыКараколдо ӨКМдин жаңы имараты ачылып, ага Президент катыштыИйне менен келген идеал. Пластикалык операциянын артында эмне бар?Каракол шаарында 420 жаранга ипотекалык батирлер тапшырылдыӨлкө башчы Караколдогу “Ысык-Көл автовокзалынын” жаңыланган имараты менен тааныштыАймактарда өзгөчө кырдаалдарга байкоо жүргүзүүчү станциялар курулууда
Кыргызстанда муктаж үй-бүлөлөрдүн саны азайды, – министрлик
24.02.2023 | 15:17
Кыргызстанда 2023-жылдын башына карата “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 5,7% азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Эмгек министрлиги аз камсыз болгон калкты колдоо, биринчи кезекте электр энергиясына болгон тарифтин төмөндөшүнө салым кошконун белгиледи.
“2022-жылдын 1-январынан тарта “Үй–бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулардын тарифи айына 700 киловатт/саатка чейин керектөө үчүн 1 кВт/саат үчүн 50 тыйындан белгиленди”, — деп билдирет министрлик.
Бүгүнкү күндө 339,1 миң бала жөлөк пул алат, бул республикада жашаган 2,4 миллион баланын 13,9%ын түзөт.
Кыргызстанда 12 миң адамды жакырчылыктан чыгардык, – министр
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом