Бюджети 6,5 млн евро. Бишкекте кургак учукка каршы оорукана ачылды

Бюджети 6,5 млн евро. Бишкекте кургак учукка каршы оорукана ачылды

Бишкек шаарында кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Медициналык мекеменин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын делегациясы, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) аймактык директору Андреас Шнайдер катышты.

«Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин жана жалпы элибиздин атынан Германия Федеративдик Республикасына биздин саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз “Кургак учук менен күрөшүү программасы – V” гранттык долбоорунун алкагында курулган жаңы жабдуулар менен камсыздалган заманбап клиниканы ачып жатабыз. 1992-жылдан бери Германия өнүктүрүү банкы (KfW) биздин өлкөгө түрдүү тармактар боюнча 298 млн евродон ашык каражат бөлгөн. Германиянын биздин калыптануубузга жана туруктуу өнүгүүбүзгө, ошондой эле глобалдык пандемия учурунда колдоо көрсөтүүсүн жогору баалайбыз», — деди Эдил Байсалов жана кыргыз тарап эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ачылыш аземинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил саламаттыкты сактоо тармагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири катары саналарын белгиледи. Ал жаңы оорукананын кызматкерлерине кургак учук жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүдө ийгиликтерди каалады.

Маалымдама: 

Кургак учукка каршы оорукананын жалпы бюджети 6,5 млн еврону түзөт. Шаардык кургак учукка каршы ооруканада 128 керебет каралган. Кургак учуктун дарыга туруктуу, сезгич, ачык жана жабык түрлөрүн дарылоочу палаталар бар. Радиологиялык бөлүм жана интенсивдик терапия бөлүмү бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган. Лабораторияда гематологиялык, биохимиялык, заара, ИФА анализаторлору бар. Ооруканада заманбап желдетүү системасы иштелип чыккан, ХЕПА-фильтрлери орнотулган (алар микробдорду тышка чыгарбайт), ультра кызгылт көк бактерициддик лампалардан өткөн аба дезинфекцияланып турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>