Кыргызстанда 12 миң адамды жакырчылыктан чыгардык, — министр

Кыргызстанда 12 миң адамды жакырчылыктан чыгардык, — министр

Кыргызстанда былтыр 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, муктаж үй-бүлөлөргө каражат «Үй-бүлөгө көмөк» долбоорунун алкагында бизнес баштоо үчүн берилген. Пилоттук долбоор боюнча Жумгал районунда 50, Кадамжай районунда 50 үй-бүлө каралган.

“Кыргызстанда 2022-жылы жалпы 2800 үй-бүлөдөн 12 миң адамды биз жакырчылыктан чыгардык. Аталган долбоордун алкагында аларга жалпы 290 млн сом берилди”, — деди Базарбаев.

Мындан тышкары, министр каражат берилерге чейин жарандарга бизнес план жазуунун, бизнес баштоонун жолдорун жана финансылык сабаттуулукту үйрөтүп жатышканын билдирди.

Ошондой эле, ал министрлик тарабынан Россиядан келген мигранттарды окутуп, аларга жумуш таап бериле тургандыгын белгиледи.

Эл аралык стандарттарга ылайык, эгер адам күнүнө 1,9 доллардан аз коротсо жакыр деп таанылат. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерде жакыр адам жок. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.

Ошол эле учурда биримдикке кирген өлкөлөрдүн улуттук көрсөткүчтөрү боюнча 2021-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 8%га өсүп, жалпы 33,3%ды түзгөн.

Белоруссияда, Казакстанда жана Орусияда, тескерисинче, тиешелүүлүгүнө жараша 0,7%, 0,1% жана 1,1%га көрсөткүчтүн төмөндөшү байкалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>