Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Нарында беш райондун акимине кызматтык унаалар тапшырылды
26.02.2023 | 17:54
Нарын облусундагы Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунун мамлекеттик администрация башчыларына – акимдерине кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, автоунаалардын ачкычын президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Сабыркул Ашимбаев жана Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов тапшырды.
Президенттин тапшырмасы менен президенттин иш башкармалыгы тарабынан алыскы аймактар үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатылып алынган. Анын ичинен 5 унаа Нарын облусуна берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом