Түрк экономикасы жер титирөөдөн кандай чыгым тартты?

Түрк экономикасы жер титирөөдөн кандай чыгым тартты?

Түркияда кыйраган жана катуу жабыркаган 333 миң үйдү калыбына келтирүүгө болжол менен 20 миллиард доллар керектелиши мүмкүн. Бул тууралуу BBС түрк кызматы Түркиядагы Коч университетинин профессору Селва Демиралптын макаласына таянып жазып чыкты.

Профессор Демир Алптын айтымында чыгымдарды эсептөө оңой эмес. Анткени жер титирөөдө келтирилген зыянды аныктоо боюнча маалыматтар улам жаңыланууда. Ошентсе да, чыгымдарды болжолдоого болот.

Демир Алп Түркиядагы жер титирөөнүн экономикалык чыгымын эки пунктка бөлүп караган:

  • бузулган имараттарды, шаарларды кайра курууга кеткен чыгымдар;
  • жер титирөөдө жоголгон өндүрүштүк кубаттуулуктун баасы.

“Эгер 17-февралга карата кыйраган же катуу жабыркаган 333 миңге жакын үйлөрдү калыбына келтирүүнү алсак, болжол менен 20 миллиард доллар талап кылынышы мүмкүн. Эгерде калктуу конуштар жарака сызыгынан алыс жайгашкан аймактарга көчүрүлсө, турак жайлардын саны да бир топ көбөйөт жана кошумча инфраструктуралык чыгашалар пайда болот”, — деп айтылат малыматта. 

Мындан тышкары, кыска мөөнөттүү чукул муктаждыктар үчүн болжол менен 25 миллиард доллар сарпталары белгиленген. Миллионго жакын адамга баш калкалоочу жай жана муктаждыктары үчүн 3-5 миллиард доллар кетсе, кайра курула турган үйлөргө эң аз 20 миллиард долларлык чыгымды болжолдоого мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>