Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолордо кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +11…+16
Талас облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +11…+16
Баткен облусу
түнкүсүн +7…+12
күндүз +16…+21
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7…+12
күндүз +16…+21
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +9…+14
Нарын облусу
түнкүсүн -7…-12
күндүз -1…+4
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 13…15 болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз