Эмгекке жарамдуу айымдардын 47% гана иштейт

Эмгекке жарамдуу айымдардын 47% гана иштейт

2021-жылы эмгекке жарамдуу жаш курактагы иштеген аялдардын деңгээли 47% ды, ал эми экономикада эмгектенген аялдардын орточо жаш курагы 40 жашты түзгөн. Бул тууралуу Статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир жетинчи аял 35-39 жашта болгон. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү жана соода сыяктуу ишмердиктин түрлөрү аялдар гана иштеген иштер болуп саналат.

Жалпы республика боюнча аялдардын эмгек акысынын эркектердин эмгек акысына болгон катышы 2022-жылы ноябрь айында жүргүзүлгөн ишканалардын жана мекемелердин бир жолку изилдөөсүнүн маалыматтары боюнча 79,6 пайызды түзгөн. Аялдар менен эркектердин эмгек акыларындагы айырма тармактык жумуштардын гендер боюнча түзүмү менен байланышкан.

Иштеген адамдардын жалпы санындагы жогорку кесиптик билимге ээ аялдардын үлүшү 2021-жылы  28 пайызды, ошол эле убакта эркектердин үлүшү 19 пайызды түзгөн, ал эми орто кесиптик билимге ээ адамдардын санында бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 17 жана 9 пайызды түзөт.

Кыргызстанда үй иштери көбүнчө аялдардын иштери болуп саналат, анткени аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришип, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Эркектерде бул чыгымдар 4,7 эсеге аз жана убакыттын суткалык фондунун 4 пайызга жакын түзөт. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге жана бала тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат.

Ошол эле учурда айыл жана шаар жерлериндеги аялдардын ортосунда олуттуу айырма бар. Айыл жериндеги аялдар шаардагы аялдарга салыштырмалуу үй жумуштарына 1,3 эсеге көп убакыт коротушат. Алсак, айылдарда иштеген аялдар күнүнө орто эсеп менен 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда 4 саат убакыт сарпташат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>