Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Кыргызстандыктар Түркияга жардам үчүн 102,8 млн сом чогултту
11.03.2023 | 11:20
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 11-мартка карата 102 млн 822 миң 315,83 сом, 18 250 рубль жана 65, 67 доллар чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө акча которушууда.
Эскерте кетсек, Түркия менен Сирияда 6-7-февралда катуу жер титирөө катталып, кеминде 45 миңден ашуун адам көз жумган. Учурда миңдеген жарандар турак-жайсыз күн кечирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз