Көрүүнү кантип сактоо керек: Бишкек ден соолук борборунун адистеринин сунуштарыТрамп АКШнын рыногуна орусиялык дизелдик күйүүчү май жеткирилерин жарыяладыКыргызстанда бир жылда 19,6 млрд кВт·саат электр энергиясы керектелери күтүлүүдөАдылбек Касымалиев балык чарбаларын ата мекендик тоюттарды сатып алууга чакырдыБишкекте эркек кишини сабап, сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн — шектүүлөр кармалдыКыргызстанда Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери алмашты — кимдер дайындалды
Кара-Сууда өрт кырсыктан бир адам каза болду – видео
11.03.2023 | 10:27
Ош облусунда өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районундагы Кашкат айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылында жайгашкан Б.Рыскулов акөчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:43тө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:04тө чектөөгө алынып, 09:27де толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом