Жеңил атлетика: Ташкентте кыргыз спортчулары үч медаль утту

13.03.2023 | 21:58

Жеңил атлетика боюнча курама команда Ташкент марафонунда 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-март күнү, Ташкент шаарында (Өзбекстан) Эл аралык V Ташкент марафону өттү. Мелдешке жалпы 34 өлкөдөн спортчулар катышып, 3 км, 10 км, жарым марафон жана марафон аралыктарында жарыштар өттү.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы аталган жарышта 2 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болду.

Кыз-келиндер арасында марафон аралыгында (42.195 м) Гульшаной Сатарова (2:46.34), жарым марафондо (21.1 км) Айнуска Калил кызы (1:15.52) алтын медаль жеңди. Ал эми эркектер арасында марафон аралыгында Илья Тяпкин (2:25.30) 2-орунду ээледи.

Ошондой эле, марафон аралыгында Бердигул Айтпай уулу 2:32.14 көрсөткүчү менен 4-орунду, жарым марафондо Тилекжан Жекшеналы уулу (1:10.39) 8-орунду жана 10 км аралыгында Александр Салахудинов (35.47) 6-орунду ээледи.

[image_carousel source=”media: 181391,181389,181388″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top