Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Бишкекте кайрымдуулук жарманке өтөт
15.03.2023 | 12:49
Бишкек шаарында 16-мартта саат 13:00дөн 19:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда Нооруз майрамына арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жарманкени Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурууда.
“Жарманкеде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, жарманке учурунда сатып алууга боло турган улуттук даамдар жана суусундуктар коюлат. Иш-чарадан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат”, – деп айтылат маалыматта.
Мэрия борбор калаанын тургундарын жарманкени колдоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом