Абиров катышкан мушташ. Жогорку Кеңеште комиссия түзүлдү (курамы)

Абиров катышкан мушташ. Жогорку Кеңеште комиссия түзүлдү (курамы)

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун депутат Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин кароо боюнча атайын комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына тогуз депутат кирди.

— “Ыйман Нуру” фракциясынан Замирбек Мамасадыков,

— «Бүтүн Кыргызстан» — Айгүл Айдарова,

— «Ишеним» — Бахридин Шабазов,

— «Ата-Журт Кыргызстан» — Медер Саккараев,

— “Мекенчил” депутаттык тобу – Жусупбек Коргонбай уулу,

— «Альянс» — Фархад Алимжанов,

— «Ынтымак» — Мурадил Сыдыков,

— «Элдик» депутаттык тобу — Бактыбек Чойбеков,

— Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени кабарланган. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ур-тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер жабырлануучу кандай жаракат алганын Reporter.kg’ге айтып берген.

13-мартта бул окуя боюнча президентке кабар берилип, президент ИИМге окуяны дыкат иликтөөнү тапшырган.

Ошол эле күнү ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлерин сабоо фактысына байланыштуу эки адам кармалган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>