Гуля Алмамбетова министр Каныбек Иманалиевдин кеңешчиси болду

Гуля Алмамбетова министр Каныбек Иманалиевдин кеңешчиси болду

Гуля Алмамбетова билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кеңешчиси болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, Гуля Алмамбетова министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Гуля Алмамбетованын өмүр баяны:

Ал 1972-жылы 25-январда Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги орус филологиясы факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

Эмгек жолун маалымат, билим берүү жана маданият тармагындагы коомдук бирикмелерде иштөөдөн баштаган. Бир катар ЖМКларда эмгектенген. Кыргызстан студенттер союзунун маалымат кызматын жетектеген.

1999-2001 ― Кино үйүндө директордун орун басары, Кыргыз кинематографисттер союзунда продюсер;

2001-2005 ― Москванын Кино үйүндө КМШ кинематографисттер союзунун КМШ кинофоруму боюнча менеджер (Россия);

2013-2015 — «Нарисан ДИГ» ЖЧКсынын директору;

2014 ― «Аялдар саясатта» маалыматтык саясат концепциясынын автору, Кыргызстанда адам укуктары боюнча альтернативалуу маалыматты иштеп чыгууда эксперт катары эмгектенген;

2015 ― Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси;

2015-2017 ― Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси;

2017 ― Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын коомдук кеңешчиси;

2018-2020 ― Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси.

Орус философиясы коомунун жана Америка философиясы коомунун мүчөсү, «25-кадр» журналынын негиздөөчүсү, Кыргызстандын Кендо жана иайдо федерациясынын мүчөсү.

Гуля Алмамбетова былтыр Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>