11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Ысык-Атада электрик 76 жаштагы кемпирди тоноп кетти
15.03.2023 | 21:09
Ысык-Ата районунда пенсионерди тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга 13-мартта кайрылган. Улгайган аял электрикти үйүнө чакырып, ал анын айласыз абалынан пайдаланып, пенсиялык топтогон акчасын алып кеткен.
Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Мурда бир нече жолу соттолгон 37 жаштагы П.И. экени аныкталды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар