Кыргыз-өзбек чек арасында унаа тыгыны жаралды

Кыргыз-өзбек чек арасында унаа тыгыны жаралды

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргызстандын «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаалардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 15-март күн саат 17:55те Өзбекстандын «Дустлик-автодорожный» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу жана жеңил унааларды каттоо системасында мүчүлүштүктөр болгон.

Кыргызстандын чек арачылары айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, жарандар «Достук-автодорожный» постунан кадимки режимде өтүшүүдө.

Өткөрүү пунктуна видеокөзөмөл системасы орнотулуп, ал постто болуп жаткан окуялар тууралуу онлайн режиминде маалымат алууга мүмкүндүк берет. Бардык маалыматтар Бишкектеги Мониторинг жана талдоо борборуна өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>