Кыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө128 метр чучук: Бишкекте 2018-жылкы рекорд жаңыландыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстү
Ысык-Атада электрик 76 жаштагы кемпирди тоноп кетти
15.03.2023 | 21:09
Ысык-Ата районунда пенсионерди тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга 13-мартта кайрылган. Улгайган аял электрикти үйүнө чакырып, ал анын айласыз абалынан пайдаланып, пенсиялык топтогон акчасын алып кеткен.
Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Мурда бир нече жолу соттолгон 37 жаштагы П.И. экени аныкталды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар