11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Садыр Жапаров иш сапары менен Анкара шаарына барды
15.03.2023 | 23:03
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортуна келип конду.
Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркияиянын туулары илинип, ардак кароол тизилген.
Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.
Ошондой эле, сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат