128 метр чучук: Бишкекте 2018-жылкы рекорд жаңыландыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүФранция Бишкектеги метро жана трамвайдын ТЭОсун иштеп чыгууну колдоого даярДрондор, айып упайлары жана жаңы чектөөлөр — ИИМ эмнелерди сунуштоодо?Кыргызстандын ар бир тургунуна чекене соодадан 159 миң сомдон туура келгенОктябрдан апрелге чейин кумшекер импортуна тыюу салуу: «Кант» агрокластеринин сандар менен түшүндүрмөсү
Садыр Жапаров иш сапары менен Анкара шаарына барды
15.03.2023 | 23:03
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортуна келип конду.
Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркияиянын туулары илинип, ардак кароол тизилген.
Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.
Ошондой эле, сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат