Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды
16.03.2023 | 12:53
Жалал-Абад облусунда дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылынын 1971-жылы туулган жараны М.К. бир күндөн бери дайынсыз болуп жатканы боюнча саат 08:42де билдирүү түшкөн.
Издөө иштерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №81 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн атайын ыкчам автоунаасы менен 12 куткаруучу жерине саат 09:00дө тартылган.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын жансыз денесин саат 09:30да Чаткал дарыясынын Кайың-Суу тилкесинен табылып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом