Төкмө акын Азамат Болгонбаев директорлук кызматтан алынды

Төкмө акын Азамат Болгонбаев директорлук кызматтан алынды

Жумакадыр Курмангалиев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Курмангалиевди эмгек жамаатка министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалаган.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүй облустук драма театрынын директору болуп төкмө акын Азамат Болгонбаев иштеп жаткан.

Жумакадыр Курмангалиев 1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган.

1983-жылы Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжинин «Хор дирижеру», ал эми, 1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий агартуу иштери боюнча адистигин аяктаган.

2018-жылдан 2023-жылга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборду жетектеп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>