Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Видео: Казакстанда шайлоо күнү болгон кызыктуу окуялар
20.03.2023 | 13:56
Жекшемби күнү, 19-мартта Казакстанда Мажилис (парламенттин төмөнкү палатасы) жана маслихаттарга (аймактык парламент) шайлоо болуп өттү.
Маалым болгондой, шайлоого 6 млн 521,8 миң адам же шайлоочулардын 54,19%ы катышкан.
Шайлоо күнү байкоочулар, жарандык активисттер шайлоо мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын айтып, видеолорун чыгарып жатышты.
Ошол эле учурда, шайлоо күнү кызыктуу окуялар болбой койгон. Маселен, аял киши шайлоо тилкесине келип “шайлоонун таза өтүшү үчүн” арча жагып, аластап чыкса, башка бир шайлоочу бүркүт менен келген.
Дагы бир жаран шайлоого диван менен келсе, башка бир жигит сүйгөн кызынын колун сураган.
Социалдык тармактын колдонуучусу Казакстандагы шайлоодо болгон кызыктуу учурлардын видео топтому менен бөлүшкөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз