Дарыгерден экс-вице-премьерге чейин. Апта ичинде кармалгандар

Дарыгерден экс-вице-премьерге чейин. Апта ичинде кармалгандар

Ушул жылдын 13-мартынан 20-мартына чейин Кыргызстанда мыйзам бузууларга жана коррупцияга шектелип бир катар мурунку жана азыркы кызмат адамдары кармалды. Reporter.kg апта ичинде УКМК жана прокуратура тарабынан кармалган адамдарды тизмектеди.

14-март

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын мурунку башчысы кармалганын Башкы прокуратурадан билдиришкен.

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2017-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын кызмат адамдары акча каражаттарды мыйзамсыз которуп беришкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун дирекциясынын мурдагы башчысы С.Р.К. жана курулуш компаниясынын директору Д.А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирген.

УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинин 8 млрд сомго «Росинбанк» ААКсынын (учурда «Керемет Банк» ААКсы) акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Ал эми, бул банктын иши ачык эле кирешелүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес.

Кылмыш иштин алкагында Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Ж.Н. жана Т.А. ошондой эле, башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү С.А. жана С.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

16-март

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. (ред, — Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович) кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталган. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес.

«Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т.И. (Токтобай Маанаев) кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкен.

Маалым болгондой, кылмыш иштин алкагында аталган М.Т.И. ар кандай коррупциялык схемаларды түзгөнү аныкталган (үзгүлтүксүз опузалоо, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу, байланышы бар жеткирүүчүлөрдөн жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар, дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу).

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашык фактылар катталган. М.Т.И практикалык дарыгер болуп туруп, жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлап, ошондой эле бир жолку реквизицияларды жүргүзгөн», — деп билдирет УКМК.

17-март

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, “Кыргызнефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилигине карата тергөө амалдары жүрүп жатканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, 2017-2020-жылдар аралыгында “Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. (ред.- Рашит Бостонов) жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн  келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталган.

Ошол эле учурда, базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма 1 литр мунай продуктылары үчүн 5 сомду түзүп, ал айырмачылык “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн.

Ошондой эле, жогорудагы иш-аракеттер аткарылгандан кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталган.

Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

18-март

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн жана Садыр Жапаровдун жакындарынын арасынан кимдер кармалганы тууралуу айтып берген.

Ал башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайнисинин кармалышы боюнча айтып жатып, чоң кызматта отурган адамдардын жакындары кармалган учурлар болуп жатканын, бирок ал көп учурда ачыкталбай турганын билдирген.

Мамлекеттик бажы кызматыны алты кызматы адамы жана жеке компаниянын үч өкүлү кармалган. Бул боюнча Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталган.

«Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын  кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок, товарлар Кыргызстандын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстанга кирип турган», — деп билдирет УКМК.

Бул кылмыш иши боюнча 16-17-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын 3 өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>