Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Жапония Баткендин жолдорун оңдоого 5,3 млн доллар бөлөт
23.03.2023 | 13:46
Жапон өкмөтү Кыргызстанга 5,3 млн доллар кайтарымсыз каражат берет. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.
Финансы министрлигинде министрлер кабинетинин жана жапон өкмөтүнүн ортосундагы “Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи өттү.
“Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жапон өкмөтү 700 млн япон иени (5,3 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздукту камсыз кылуу”, – деп айтылат маалыматта.
Долбоордун аткаруучу органы болуп Транспорт жана коммуникациялар министрлиги саналат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз