Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланып, 18 үй-бүлө көчүрүлдү

Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланып, 18 үй-бүлө көчүрүлдү

Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, жергиликтүүлөр коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул утуралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөн районунда 22-март күнү саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн метр куб жер көчкү түшкөн. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралыкта жетпей калган.

Буга байланыштуу кече ыкчам түрдө Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына «айгай» жарыяланып, райондук №53 ӨКБдан 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, 1 ХОВО, 5 портер, 3 КамАЗ, 1 жүктөгүч жана жеке унаалар тартылып, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарына көчүрүлгөн.

Жеринде ӨКМдин райондук бөлүмүнүн офицери жана жергиликтүү бийлик тарабынан көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды.

Өзгөн районунун акимдин буйругунун негизинде Карл-Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде абалды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлгө алууда.

Аталган аймактагы жер көчкү түшү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги эскертилип, сунушталган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>