Баткенде милициянын отставкадагы майору Ниймат Арапов каза болду

Баткенде милициянын отставкадагы майору Ниймат Арапов каза болду

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы,  милициянын отставкадагы майору Ниймат Арапов 76 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ниймат Арапов 1946-жылы 14-апрель күнү Ош облусунун Лейлек районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. Ал ички иштер органдарына 22 жашында 1968-жылы кабыл алынып, Баткен райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн милиционери, Баткен облустук күзөт кызматынын начальниги болуп эмгектенип, 51 жаш курагында ардактуу эс алууга чыккан.

Жаш курагына карабай өз ишине тың болуп, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, жаш кызматкерлерге өзүнүн акыл-насааттарын айтып, коомдук иштерге активтүү катышып келген.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши жана Генералдар кеңеши, ошондой эле ички иштер органдарынын өздүк курамы отставкадагы милициянын майору Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын

ИИМ Ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Араповдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгырып, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>