Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, канализациялык коллекторлорду төшөө үчүн Л.Толстой көчөсү Некрасов көчөсү менен кесилиши убактылуу жабылды. Ишти 28-мартта бүткөрүү пландалууда.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды каттамды алдын ала пландап алууларын өтүнөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз