«Жездең болом, 120 миң сом котор». Алдамчылыкка шектүү кармалды

«Жездең болом, 120 миң сом котор». Алдамчылыкка шектүү кармалды

20 жаштагы жаран Баткен облусунун жашоочуларын алдап, акча каражаттарын котортуп алганы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 9-мартта милицияга Самаркандек айылынын 50 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, 15 жаштагы уулунун уюлдук телефонуна белгисиз жаран «жездең болом, мен бирөөнү машина менен койдуруп кеттим, мага тезинен 120 миң сом акча котор» деп чалгангандыктан, ага өзү жашаган айылдагы терминалдан 50 миң сом, калган 70 миң сомду Баткен шаарындагы терминалдан которуп, кийин алданып калганын билген.

Ошондой эле, 5-март күнү Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын 37 жаштагы С.З. аттуу тургунуна белгисиз жаран чалып, «уулуңуз бирөөнү машина менен сүзүп салды, биз келишип алдык, ошондуктан тезинен 50 миң сом которуңуз» деп айткандыктан, ага терминал аркылуу акчаны которуп, кийин алданып калгандыгын билип, милицияга кайрылган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 17-мартта кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Беловодский айылынын тургуну, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 20 жаштагы С.Р. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>