Баткен: Тажикстанга өтүп кеткен жылкы ээсине кайтарылды (видео)

06.04.2023 | 16:21

Баткенде Кыргызстандын жаранынын Тажикстанга өтүп кеткен жылкысы ээсине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 23-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунунун жылкысы байланып турган жеринен бошонуп, Тажикстандын Согди облусунун Лаккан айыл аймагына өтүп кеткен. Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, 6-апрель күнү кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен жылкыны кайтарып алган.

“Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган”, – деп билдиришти милициядан.

[image_carousel source=”media: 184810,184811,184812″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top