Баткен: Тажикстанга өтүп кеткен жылкы ээсине кайтарылды (видео)

Баткен: Тажикстанга өтүп кеткен жылкы ээсине кайтарылды (видео)

Баткенде Кыргызстандын жаранынын Тажикстанга өтүп кеткен жылкысы ээсине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 23-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунунун жылкысы байланып турган жеринен бошонуп, Тажикстандын Согди облусунун Лаккан айыл аймагына өтүп кеткен. Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, 6-апрель күнү кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен жылкыны кайтарып алган.

«Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>