Бишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиПрезиденттик администрация “Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт” акциясына катыштыКФБ жана Стамбул биржасы алтын соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташатТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулашты
Кыргызстанда эң жогорку маяна төлөнгөн аймак аталды
28.04.2023 | 08:30
2023-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы 30 миң 93 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Ошол эле учурда республикада эң аз айлык алгандар Ош облусунда, орточо айлык акы 23,2 миң сом деп белгиленген. Мында эң жогорку орточо эмгек акы Ысык-Көл облусунда белгиленген – 37,2 миң сом.
Мындай көрүнүш Жети-Өгүз районунда жайгашкан Кумтөр кен ишканасына байланыштуу пайда болду. Айтмакчы, дал ушул райондо орточо айлык 84 миң сомдон ашат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз