Кайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалдыНарындагы фермерлер үчүн эт багытында төө багуу жаңы бизнеске айландыБаткенде 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуудаКыргызстанга инвестиция: Түркия негизги инвесторлордун арасында үчүнчү орунга чыктыМаданият министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдүКыргызстандын илим министри британ элчиси менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
Кыргызстандык тасма Германиядагы фестивалда сыйлык алды
04.05.2023 | 09:00
Кыргызстандык “Эсимде” тасмасы Германияда өткөн goEast эл аралык кинофестивалда сыйлык алды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, кинофестиваль 26-апрелден 2-майга чейин Висбаден шаарында болуп өткөн. “Эсимде” тасмасы негизги сынактык программага катышып, “Калыстардын атайын сыйлыгына” татыган.
Тасманы режиссер Актан Арым Кубат тарткан.
Эскерте кетсек, буга чейин “Эсимде” тасмасы «Азия Оскарын» (Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгы) жана Казакстандагы «Евразия» кинофестивалынын бай байгесин уткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз