Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Кыргызстандык тасма Германиядагы фестивалда сыйлык алды
04.05.2023 | 09:00
Кыргызстандык “Эсимде” тасмасы Германияда өткөн goEast эл аралык кинофестивалда сыйлык алды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, кинофестиваль 26-апрелден 2-майга чейин Висбаден шаарында болуп өткөн. “Эсимде” тасмасы негизги сынактык программага катышып, “Калыстардын атайын сыйлыгына” татыган.
Тасманы режиссер Актан Арым Кубат тарткан.
Эскерте кетсек, буга чейин “Эсимде” тасмасы «Азия Оскарын» (Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгы) жана Казакстандагы «Евразия» кинофестивалынын бай байгесин уткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз